"Кыргызстан" фракциясы өкмөткө Архитектура агенттигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону тапшырды

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-2018-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Депутат Алмазбек Токторов аталган агенттиктин жетекчилигин толугу менен кызматтан кетирүү маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында, фракция депутаттары добуш берүү менен өкмөткө тапшырма берип, агенттиктин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону жана жыйынга эмне себептен келбегенин аныктоону тапшырышты.

Жыйынга агенттиктин төрагасы Бактыбек Абдиев келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан