Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт

Өлкө аймагында абанын темпаратурасы кескин төмөндөп, жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу маалыматты "Кыргызгидрометтин" маалымат кызматы таратты.

Ага ылайык, 7-октябрь күнү күндүн экинчи жарымында өлкө аймагында жаан-чачын күтүлөт, тоолуу аймактарда жаан карга айланат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетсе, абанын температурасы +15, +20 градус болот. Ал эми тоо этегиндеги аймактарда абанын температурасы +10, +15 градуска, бийик тоолуу аймактарда +3, +8 градуска чейин жетет.

8-10-октябрь күндөрү да өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Чүй, Талас облустарында күндүз абанын температурасы +10, +15 градус болсо, түнкүсүн +1, +6 градуска чейин төмөндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wirintai27
2018-10-05 18:21:31
Кудай кырсыктардан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан