Бишкек шаарында Криминалдык милиция кызматынын 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Майрамдык иш-чаранын алкагында бир катар кызматкерлер ардак грамота жана атайын төш белгилер менен сыйланышты. Майрамдык салтанатка Бишкек шаардык ИИББинин жетекчилиги, Бишкек шаардык Криминалдык милиция кызматынын жетекчилиги, Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.
"Ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар. Бирок Кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жашоосу үчүн бул кызмат оңой эмес. Аталган кызматта иштөө үчүн чыныгы профессионалдык сапат, жогорку моралдык даярдык, өзүнүн жумушуна болгон сүйүү болушу керек. Өтө оор мезгилде туура чечим кабыл ала билген кызматкерлер бар үчүн Криминалдык милициянын аброю сакталууда жана өсүп жатат. Кыргыз милициясынын тарыхында бурулуш жасап, аталган кызматты түптөгөн ардагерлерге ыраазычылык билдирем. Алардын бул иши азыркы жаш кызматкерлерде патриоттуулукту, мекенге болгон сүйүүнү ойготуп жатат", - деди Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов.