Мындан бир жыл мурун 2017-жылы 7-октябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылында катталган жол кырсыгында 38 жаш курагында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон.
Вице-премьер-министрдин жанында анын 30 жаштыгы Нурлан Жамгырчиев аттуу жардамчысы жана 33 жаштагы Нурбек аттуу айдоочусу оор жаракаттардан улам окуя болгон жерде көз жумган. Каргашалуу окуя болгон күнү Жумакадыров Талас облусуна кезектеги кызматтык иш сапары менен бара жаткан.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, 3 адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуя эртең мененки саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылында орун алган.
8-октябрь күнү Темир Жумакадыровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу өкмөттүн буйругу менен маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. 9-октябрда вице-премьер-министрди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатууга президент, өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана анын туугандары катышты.
Иликтөө иштеринин алкагында, КамАЗ оор жүк ташуучу унаасы вице-пермьер-министр отуруп келе жаткан Тойота Прадо унаасын сүзгөнү аныкталган. Катуу соккудан Жумакадыров отурган унаа 10-15 метрге чейин сүрүлүп кеткен. 9-октябрь күнү КамАЗдын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, 2 айга камакка алынган. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну болгон.
Маркум Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева 2017-жылдын 30-декабрында социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жол кырсыгында күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү талап кылып, абактан чыккандан кийин да өмүр бою унаа айдоого тыюу салуу керектигин билдирген. Ошондой эле ал бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.
“Коопсуздук кеңешинин өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимин ишке ашырууга жолдошум, досум, сүйүүм, Темир Жумакадыров жооптуу эле, бирок өзү жол кырсыгынан каза болду. Бул окуяда Темир, Нурлан, Нурбек көз жумуп, үч адамдын өлүмүнөн беш бала жетим калды. Балдардын "атам кайда, эмнеден каза болду эле", "атам менин майрамдык иш-чарамды көрбөй калганы кандай өкүнүчтүү", "атам жаныңда болом деп сөз бербеди беле" деген суроолоруна жооп берүү коркунучтуу болуп калды. Жолдошум бараткан унаа менен сүзүшкөн жүк ташуучу унаанын айдоочусуна козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Ал он жыл жатак абакта отуруп же беш жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, кайрадан өлкөнүн жолдорунда автоунаа айдоого укук алат. Мындай жол менен биз кайрадан өз жоопкерчилигин сезбеген айдоочуга ээ болобуз”, - деп жазган билдирүүсүндө.
2018-жылдын 8-январында Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча иш сотко өткөн. 25-январда Бишкектин Москва райондук сотунда алгачкы отурум болуп өткөн. Анда 25 жаштагы айдоочу Афтандил Таалайбек уулу бул кырсыкка күнөөлүү деп табылып, күнөөнү моюнуна алган.
30-январда экинчи соттук отурумда эки тарап жарыш сөзгө чыккан. Анда прокурор соттон КамАЗдын айдоочусун 11 жылга жатак абакка кесүүнү сураган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө КамАЗдын айдоочусу Автандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденген. Ал 2017-жылдын 7-октябрь күнү Чалдыбар-Бишкек жолунда жол эрежесин бузуп, унаасы менен каршы тилкеге чыгып, Тойота Прадону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон. Мындан улам соттолуучуну 11 жылга жатак абакка кесүүнү сурайм", - деген прокурор.
Ал эми жактоочу айдоочу жол кырсыгын атайын жасабаганын, кырсык болгон соң эч кайда качпаганын айтып, айыпталуучуну камакка албоону өтүнгөн.
2-февралда үчүнчү соттук отурум өтүп, анын жүрүшүндө КамАЗдын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулу акыркы сөзүн айтып, каза болгондордун жакындарынан, туугандарынан кечирим сураган. Ошентип Москва райондук соту КамАЗдын айдоочусун 10 жылга жатак абакка кескен.
Соттун өкүмүнө ылайык, айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" жана 176-берене (мүлктү байкабастыктан кыйратуу же бүлүндүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле 3 жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылган. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын Автотранспорт ишканасынын доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, мамлекеттин пайдасына 2 миллион 95 миң 250 сом төлөөсү милдеттендирилген.
Учурда маркумдун жубайы Нора Сүйүналиева жолдошунун жасалбай калган иштерин улантып, коррупция менен күрөшүү максатында Темир Жумакадыровдун атынан "Pro Lex" (сөз латын тилинен которгондо "мыйзам үчүн" деген маанини түшүндүрөт) аттуу коомдук фондун түзгөн. Ушул жылы Жумакадыровдун өмүр жолуна арналган китептин жана фонддун расмий түрдө ачылышы болуп өтмөкчү.