"Күндөн-күнгө бетиндеги шишиги чоңоюп бараткан 10 айлык кызыма операция жасалды. Алдыда дагы бир татаал операция күтүп турат" дейт эне

Ушул жылдын май айында SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун Түп айылынын тургуну Назира Усупова
кайрылып, кызы Айдиана сейрек кездешүүчү ооруга кабылганын билдирген. Маалым болгондой, Айдианага дарыгерлер шилекей бездеринин гемангиомасы деген диагноз коюшкан. Гемонгиома - шишик, ал көп учурда адам төрөлгөндөн көп өтпөй пайда болот да тездик менен өрчүй баштайт.

"Учурда Айдиана 10 айлык, төрөлгөнүнө 3 жума болгондо бетине бармактай шишик пайда болгонун байкаган элем. Эки ай болгондо баягы шишиги чоңоюп кетти. Кабатырланып Ысык-Көлдөгү ооруканага кайрылсак, алар туура эмес диагноз коюп коюшуптур. Бишкектеги балдар ооруканасына келгенибизде шилекей бездеринин гемангиомасы деген диагноз коюшту. Бул дарт кан тамырлардын оорусу экен. Кызым ыйлаганда бетиндеги шишиги көгөрүп кадимкидей чоңоюп кетет. Ал эми жөн турганда, тескерисинче, кичирейет. Дарыгерлер “операция жасаганга азыр кызың кичинекей экен дешкен. Мындан улам беттеги шишикти Орусиянын Челябинск шаарында операция жолу менен эмес, лазер менен жок кыла турган адис бар экенин интернеттен тапканбыз", - деген Усупова.

Ал кайрадан порталга кайрылып, кызын аталган шаарга дарылатууга алып барып келгенин кабарлап, жардам колун сунган бардык жарандарга ыраазычылыгын айтты.

"Челябинск шаарына аман-эсен барып келдик. Ал жерде Айдианага лазердик операция жасалды. Азыр да дарыланууну улантып жатабыз. Акырындан шишиги кичирейгенсип жатат. Боорукер адамдар кол сунуп, жардам көрсөтүштү. Жалпысынан аталган шаарга барып келүүгө 230 миң сом жумшалды, анын жарымы элден топтолду. Калганын өзүбүз, жакындарыбыз топтоп беришти.

Эми кызыма дагы бир операция жасатуу керек экен. Бир кан тамыры башы менен байланышкандыктан ага өтө кылдат карап жатышат. Ага операция жасоо татаал дешет дарыгерлер. Бирок айыктырса болорун айтышты. Азыр ага каражатыбыз жок болуп жатат. Кызымдын айыгып кетиши үчүн кайрадан элден жардам сураганга муктаж болуп жатабыз", - деди ал.

Назира Усупова кызынын өсүүсү, тамактануусу баары жакшы экенин, болгону оорусунан улам салмагы азыраак болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө бул оору менен ооруган дагы башка адамдар менен сүйлөшкөнүн белгиледи.

"Кыргыз өлкөсүндө дарыгерлер гемонгиомага операция жасагандан коркушат экен. Бала чоңойсун деп көп айтышат. Бул оорудан жабыркаган бир кыз менен сүйлөшсөм, күтө туралы деп жатып ал 11-классты аяктаптыр. Бул жылдар аралыгында анын жаагында шишик өтө чоңоюп, бетинин формасы такыр башкача болуп калган. Буга кошумча канча ооруйт, бул кадимки эле залалдуу шишиктин түрү. Мындан улам дарылатууну эртелетүү зарыл", - дейт эне.

Айдиананын дарылануусуна жардам берүүнү каалагандар үчүн Назира Усупованын WhatsApp номери - 0709679784. Элсом номери Эркинбаева Назира Даниельевнанын (Адиананын чоң апасы) атында - 0709679784. Сбербанк карта - 4276380135172372.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tolkun555
2018-10-05 17:27:08
Аллах шыпаасын берсин колубуздан келген жардамды беребиз.дагы дуа кылабыз.бактылуу ыймандуу кыздардан болуп чонойсун.
+9
iryi1
2018-10-05 18:36:13
Тенирибиз ден соолук берсин. Оорубасын.
-6
zhaku2017
2018-10-05 20:08:42
Жараткан Тенир оорудан сактасын
-6
Jelezo
2018-10-05 22:54:54
Теңир кыргызча, Алла арапча,Кудай фарсча,Бог орусча.
-7
adi.ali94
2018-10-07 00:11:06
Жараткан Ден-соолук берип айыгып кетсин ылайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан