Бүгүн, 5-октябрда Аксы районунун 90 жылдык мааракесине карата Кербен шаарындагы борбордук стадиондо спорттук оюндар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жерге-Тал айылынын тургуну Азамат Чыныбеков билдирди.
"Иш-чаранын алкагында уландар жана кыздар арасында волейбол, кол күрөш, мини футбол боюнча мелдештер өтүүдө. Элдин майрамдык маанайы жакшы. Жылкы союлуп, палоо жасалып майрам жакшы өтүп жатат. Саат 16:00дө Аксыдан чыккан комузчулар, ырчылардын коштоосунда концерт башталат. Аксынын 90 жылдыгы эртең Падыша-Ата жайлоосунда өтөт. Анда кыз куумай, тыйын эңмей, күрөш жана башка оюндар уюштурулат", - деди Азамат Чыныбеков.