Депутат Улугбек Ормонов: “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашарына көзүм жетпей калды”

"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.

Мындан улам SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жооп берди.

Ал арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссиянын чечими таң калтырганын айтты.

“Бул мен үчүн аябай таң калыштуу окуя болду. Себеби мен “Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынактык комиссиянын мүчөсү катары документтердин баарын окуп чыгып, кол койгон болчумун. Өздөрү акчасын салып, долбоорду өздөрү ишке ашырып беребиз деген компаниянын жеңишин жокко чыгаргандан кийин “Коопсуз шаар” долбоору биздин өлкөдө ишке ашарына көзүм жетпей калды”, - деди Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан