"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Жээнбековдун пикиринде, аталган долбоорду ишке ашыруучу компанияны тандоодо кызыкчылыктардын кагылышуусу болуп жатышы мүмкүн.
“Албетте, “Коопсуз шаарды” ишке ашырса болот. Бул жөнөкөй эле иш. Менимче, бийликтин ичинде кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыгы бири-бириникине туура келбей жатат окшойт. Бул долбоорду Кыргыз өлкөсүнүн эле адистери ишке ашыра алат. Муну сөзсүз орусиялыктар келип жасап бериши шарт эмес. Буга чейин Орусияга беребиз деп даярдап, таңуулап жатышкан.
Албетте, сынактан утуп чыккан “Веганын” бул багытта тажрыйбасы жок болсо, анда кантип катышып калды деген суроо акыл-эси бар адамда туулат да. Мен башында эле бул компания болбойт деп айткам. “Коопсуз шаар” долбоору белгиленген убакытка чейин ишке ашпаса, сөзсүз өкмөттүн тагдырына зыянын тийгизет. "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу - бул премьер-министрдин жумушу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыра албаса, ал кызматтан кетиши керек”, - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Зарылбек Рысалиев, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.