Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Өкмөттө "Коопсуз шаарга" жооптуу адамдардын бири да мындай долбоорду ишке ашырууну билбейт"

"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?"деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал өкмөттө мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок кадрлар отурат деген пикирде.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашарына ишенбейм. Себеби өкмөттө бул маселеге жооп бере турган адамдардын бири да мындай долбоорду ишке ашырууну билбейт. Аларда тажрыйба жок. Дүйнө жүзүндө мындай долбоорлорду ишке ашырар алдында алгач даярданышат. Анан гана тендер жарыялашат. Бизде болсо биринчи тендер жарыялап салышат. Бул жоопкерчиликтин жок экенинен кабар берет. Ошондой эле "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу өкмөттүн колунан келбестигин көрсөтөт", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, Зарылбек Рысалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан