Эксперт Руслан Акматбеков: “Коопсуз шаар" көп жылдан бери ишке ашпай келет. Биздин өлкө той-аштарды өткөрүүгө эле жөндөмдүү окшойт”

"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.

SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деген соболуна экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков жооп берди.

Ал “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга өкмөт кызыкдар эмес деген пикирде.

“Коопсуз шаар” - замандын талабына ылайык, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына төп келген маанилүү долбоор. Коопсуздук үчүн дагы маанилүү. Муну кошуна мамлекеттер, керек болсо Тажикстан дагы ишке ашырган. Дүйшөмбү шаарына барганда айдоочулар көчөлөрдө камералардын бар экендигинен кооптонуп жол эрежелерин так сактоого аракет кылганына күбө болгонбуз. А бизде болсо аталган долбоор көп жылдан бери таптакыр ишке ашпай койду. Ушундан улам “биздин мамлекеттин мындай пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмү жок окшойт” деп ойлойт экенсиң.

Балким, көчөлөрдө камералардын жок болгону кайсы бир адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылабы деген да ойлор жаралат экен. Бүгүнкү күндө бул долбоор бардык тарабынан зарыл экендигин көрсөтүп жатса да жаңы өкмөт аны жүзөгө ашырууга кызыкдар эместей. Тактап айтсак, “Коопсуз шаарды” ишке ашыруу алардын кызыкчылыгына таптакыр төп келбейт окшойт. Анткени кызыкчылыкка төп келсе аны ишке ашырууга аракеттер жасалат эле да. Эгер долбоор ишке ашса жол эрежелерин бузуу, кылмыштуулук азаймак. Тилекке каршы, биздин мамлекет улут катары да, өлкө катары да той-аштарды гана ишке ашырууга жөндөмдүү окшойт”, - деди Акматбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан