"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.
SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деген соболуна мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жооп берди.
Султановдун пикиринде, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышы өкмөттүн туруксуздугуна байланыштуу.
“Коопсуз шаар” долбоорунун көп жылдан бери ишке ашпай келе жатышына биздин өкмөттүн туруктуу иштебегендиги себеп болууда. Анткени бул чоң долбоор болгон үчүн жаңы келген ар бир өкмөттүн бул ишти жүзөгө ашырууга убактысы жетпей жатат. Долбоордун ишке ашпай жатышынын дагы бир себеби - бул жерде башка да кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Эгер “Коопсуз шаар” ишке ашса, каражаттын баары мамлекеттик бюджетке түшүп, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетпей калат. Бул долбоорду ишке ашыруу бүгүнкү күндүн талабы. Ошон үчүн өкмөттөн буга жогорку деңгээлде колдоо керек. Жакында эле өткөрүлгөн сынакка жогорку бийлик көңүл бурбай Маалымат технологиясы жана байланыш комитети сынакты өз күчү менен жалгыз өткөрдү”, - деди Султанов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.