"Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жок экенин айтып чыгышты. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаардын" жеңүүчүсү кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.
SUPER.KG порталынын "Бул долбоордун ишке ашарына ишенесизби?" деген соболуна Жарандык активист Адил Турдукуловдун жооп берди.
Турдукуловдун айтымында, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселеге президенттин деңгээлинде маани берилиши керек.
“Коопсуз шаар" - биздин өлкө үчүн абдан маанилүү долбоор. Анткени башка шаарларда долбоор ишке ашкандан кийин кылмыштын көрсөткүчү 50-60 пайызга азайган. Ушундай пайдалуу долбоордун 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткандыгынын себеби - бул өкмөттүн мыйзамдуу түрдө, ачык тендер өткөрбөй жаткандыгында. Бул долбоордун ишке ашпай жатышы Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аренадагы репутациясын төмөндөтүүдө.
"Коопсуз шаарга" Ички иштер министрлиги жооптуу. Бирок алар ар бир министр алмашкан сайын өзүнө туура келген компанияны сүйрөп жатат. Ал эле эмес, өкмөттөгү топтор дагы ар кайсы компанияны түртүп, улак тартыш кылып, өз кызыкчылыктарын көздөгөнү үчүн бул долбоор ишке ашпай жатат. Буга чейин бир нече компания утуп, андан соң шарттары туура келбей калды деген негиз менен долбоор токтотулуп келди. Долбоорго өкмөт башчынын, президенттин деңгээлинде маани берилип, чекит коюлушу керек”, - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Зарылбек Рысалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экономикалык маселелер боюнча эксперт Руслан Акматбеков жана Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султановдун пикири бул шилтемеде.