Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир нече кылмыш-жаза мыйзамдарына убактылуу өзгөртүү киргизбөө тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Өкмөт башчы кол койгон токтомго ылайык, 2020-жылдын 1-январына чейин төмөнкү кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү токтотулду.
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси.
Бирок аталган токтомдун төмөнкү мыйзам актыларына тиешеси жок.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;
- Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу;
- келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;
- укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу)
2018-жылдын 22-майында президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ыкчамдатуу максатында атайын жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, Жазык процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси жана башка коштоочу мыйзамдар күчүнө кирери белгилүү болгон.