Ош шаарынын 3018 жылдыгы 15 миң адамдын коштоосунда белгиленди (фоторепортаж)

5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди. Майрамга арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болгонун Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык концерт Ош шаарынын борбордук стадионундо өттү. Ага аталган шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү күбө болду.

Шаардын мэри жалпы элди Ош шаарынын 3018 жылдыгы менен куттуктап, шаардын экономикасы, инфраструктурасы өнүгүү жолуна түшүп, элибиз өзүнүн улуттук нарк-насилин, маданий мурастарын сактоо жана аны ар тараптан байытуу менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп жаткандыгын баса белгилеген.

Концертте Өзбекстандын эстрада жылдызы Райхон, Кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлнур Сатылганова, Асел Касымова, Сайкал Садыбакасова жана башка ырчылар шаар тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартуулады. Ошондой эле “Мурас” тобу, фольклордук жана бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
adi_ko.kg
2018-10-06 12:00:24
Оркундой бер Ош шаарым
+15
Kylychisa
2018-10-06 12:18:14
сынчылар жокко чото кана????))
-2
Dembele84
2018-10-06 12:51:53
Kylychisa,Сынчыларга не бар бул жерде?Ош шаарынын майрамы болуп атса.Куностуу Ош шаарым оркундой бер осо бер!!!
+10
Almazbek.kg.osh
2018-10-06 12:58:56
мыкты, Ош гүлдөп өсө бер
+6
sumramnur
2018-10-06 13:00:33
Ошуууум менин, сени кандай гана сагындыммм дейсин...
+7
SulaymanUulkan
2018-10-06 13:07:22
Самара корунбойт го
+1
Tolkun555
2018-10-06 13:18:47
Тойду токтотпойсунарбы.ар 20 жок дегенде 10 жылда бир откорсо болот.3018 3019 кыла бербей.андан коро интернетте жардам сурап омур менен алышып операцияга акча таппай жургондорго жардам берсенер олосунорбу.
+11
Koichuman
2018-10-06 15:29:57
Tolkun555,ар 20.30-жыл болгондо майрамдашса болот.Ушул майрамдын баарысы сырттан келген карыз акчалар. Анан эле ким толойт эл толошот деп чыгышат. Колунда жокторго жардам кылсанар сооп иш болмок.
+6
Tolkun555
2018-10-06 13:20:30
Карыздан кутулуп алып анан той откоро бергиле.тойлорду кредитке эл дагы откорот.мамлекет дагы карызга откорот
+9
nurhan2702
2018-10-06 14:57:50
Жок дегенде тоголок санда ,мисалы :3020деп откорсо болбойт беле .Эптеп эле шаан шокотту кобойтуп чыгаша кыла бербей .
+9
bessmertiy
2018-10-06 22:58:29
Ош шаарым. Ош шаарым менин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан