UFC мушкерлери Конор Макгрегор (Ирландия) менен Хабиб Нурмагомедов (Орусия) беттеш алдында таразага түшүштү.
Маалыматка караганда, ирландиялык мушкердин салмагы 70,08 килограммга жетсе, анын орусиялык каршылашы 70,03 килограмм чыккан. "Экөөнүн тең салмагы талапка туура келди", - деп жазышат басылмалар.
Аталган "UFC 229" мелдеши 6-октябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында орун алат. Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши Бишкек убактысы боюнча 7-октябрда саат 9:00 чамасында башталмакчы. Бул беттеште Хабиб Нурмагомедовду жеңил салмак категориясындагы чемпион титулун коргоо күтүп жатат. Анын эсебинде 26 жеңиш бар, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми Макгрегор карьерасында 21 ирет жеңип, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан.