Бүгүн, 6-октябрда Бишкектин 12-кичи районунда азык-түлүк жарманкеси өтүүдө.
Жарманкеде шаар тургундарына арзан баада түрдүү азык-түлүктөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Соодагерлер жана сатып алуучулар эртең мененки саат 07:00дөн баштап жарманкеге чыгышкан. Анда сатыкка коюлган картошка, пияз, сабиз, бал, май, жашылча жана мөмө жемиштер базар баасынан арзан сатылууда. Жарманке эми ар дем алыш күндөрү декабрь айына чейин уюштурулары белгилүү болду.