Дүйнөлүк опера жылдызы Монсеррат Кабалье каза болду

Дүйнөлүк опера жылдызы Монсеррат Кабалье 85 жашында көз жумду. Бул тууралуу испаниялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кабалье Испаниянын Барселона шаарындагы ооруканалардын биринде каза болгон.

"Опера жылдызы ушул жылдын сентябрь айында табарсыгы ооруп ооруканага жаткырылган. Кабалье менен коштошуу зыйнаты 7-октябрда өтөт. Анын сөөгү 8-октябрда жерге берилет", - деп жазышат басылмалар.

Монсеррат Кабалье 1933-жылы Испанияда туулган. 1965-жылдан тарта дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Ал өз карьерасында 125 операда ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан