Өзбекстанда көрсөтүүгө тыюу салуу үчүн 225 фильмдин тизмеси даярдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Өзбек өкмөтү тийиштүү мекемелерге тизмеге киргизилген фильмдерди 10-октябрдан тарта көрсөтүүгө тыюу салды.
"Өзбек бийлиги атайын тизмеге зордук-зомбулук, ырайымсыздык жана эротикалык мүнөздөгү эпизоддор бар фильмдерди киргизди. Ага Орусиянын "Диггерлер", "Дизлайк" фильмдери киргизилген. Ошондой эле "Эбола-зомби", "Кандуу жыюу", "Эркиндиктин 50 кыры", "Караңгылыктын 50 кыры" жана башка фильмдерге тыюу салуу пландалган", - деп жазышат басылмалар.