Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган бир айлыгы аягына чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-октябрь жыл сайын табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыяланган.
"Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата бир айлык иш-чаралар республиканын бардык аймагында болуп өтүп, 5-октябрь күнү жыйынтыкталды. Бир айлыктын алкагында калктын коркунуч тууралуу кабардар болуусу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн сактоо ыкмалары, билимдерин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар, күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу, куткаруу ишин пропагандалоо максатында жаштардын арасында турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча мелдештер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге өткөрүлдү. Бишкек шаарында 5-октябрь күнү кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган илимий-практикалык конференцияда өткөрүлүп, анда кырсыктардын тобокелин кыскартуу тармагында жаңы ыкмалар каралып, талкуулар жүрдү", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кырсыктардын алдын алууда жана адам өмүрүн сактоодо көмөк көрсөткөн жарандарга сыйлыктарды тапшыры.