Ушул жылдын 30-апрелинде Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы эки жигит кыз талашып мушташып, бири каза болгон окуя катталган. Мушташтан каза болгон Амандын жакындары анын өлүмүнө бир гана өспүрүм күнөөлүү эместигин айтып, дагы да шектүү балдар бар экенин SUPER.KG порталына билдиришкен.
Бүгүн, 7-октябрда маркум Амандын апасы Элмира Керимбаевага байланышканыбызда, иш сотко өткөнүн, бирок тергөө учурунда окуяга катыштыгы бар балдар суракка алынбаганын айтты.
Анын айтымында, Чолпон-Ата шаардык сотуна иш 13-августта өткөрүлүп берилген.
"Баламдын өлүмүн Каракол ШИИБи тергеди. Биз шектүү делген баладан башка анын жанындагы балдар да суракка алынып, күнөөлөрү бар же жогун далилдөөнү бир нече жолу сурандык. Бирок жыйынтык болгон жок. Иш үч ай тергелгенден кийин Чолпон-Ата шаардык сотуна өткөрүп беришти. Менин оюмча, иш чала тергелди. Окуяда көп нерселер жакшы ачыкталбаганын биз биринчи соттук отурумда билдик. Себеби тергөөчү жанындагы балдарга "бейбаштык" деп иш козгогонун айтканы менен, сотто жалгыз гана шектүү бала келип жатат. Калгандарынын дайыны да жок. Макул, баламды шектүү өзү өлтүргөн күндө дагы жанындагы балдар окуяны уюштурган да.
Уулум Аман менен мушташуу үчүн шектүү "Нива" үлгүсүндөгү унаада достору менен келген. Балам каза болгондон кийин ал унааны түнү менен чачып, бузук дегенге чейин барышкан. Мунун баары каралышы керек болчу. Окуяны кыз талашуудан улам чыккан деп айтып жатышат. Бирок мен өзүм ал кыз бул окуяда канчалык роль ойногонун билген деле жокмун. Ал кызга жолуккан жокмун. Билгенибиз боюнча, быйыл 10-класста окуп жатат. Анын ата-энеси жок дешти.
Кылмышка шектүү ошол күнү өзү менин баламдын жумушуна чейин барып аны саат түнкү 12ге чейин күтүп, анан мушташкан. Жашы жете элек өспүрүм болгондуктан ага 10 жыл берилиши мүмкүн деп жатышат. Мен жалгыз уулумдан айрылдым, демек, күнөөлүү тарап дагы ошондой жаза алуусун талап кылам", - деди маркумдун апасы.
Кийинки сот отуруму 12-октябрда болот.