UFC'нин мушкерлери Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешинен кийин массалык мушташ чыкты. Натыйжада орусиялык мушкердин командасындагы 3 адам камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар UFC'нин президенти Дэйна Уайтка шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
"Ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго чабуул жасаганы үчүн Хабиб Нурмагомедовдун командасындагы 3 адам камакка алынып, кайра эркиндикке чыкты. Конор алардын үстүнөн арыз жазган эмес. Маалыматтарга караганда, кармалгандардын бири Хабибдин менеджери Ризван Магомедов болгон", - деп айтылат маалыматта.
Беттеште Хабиб Конордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишти. Маалыматтарга караганда, буга Дэнистин Нурмагомедовду кемсинткени себеп болгон.