UFC'нин президенти: "Хабиб Нурмагомедов чемпиондук наамынан ажыратылышы мүмкүн"

"Хабиб Нурмагомедов беттештен кийинки башаламандык үчүн чемпиондук курунан ажыратылышы мүмкүн". Бул тууралуу UFC'нин президенти Дэйна Уайт маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, орусиялык мушкер дисквалификацияланат же айыпка жыгылат.

"Хабиб эгерде беттештерден четтетилсе, анда биз аны чемпиондук наамынан ажыратабыз. Адамдардын үстүнө секирип түшкөн мушкер бул жерде башка мушташпашы керек. Хабибге 2 миллион доллар гонорар берилмек. Эми ал териштирүү иштеринен кийин гана тапшырылышы мүмкүн. Мен кайрадан массалык мушташ чыкпашы үчүн Хабибге чемпиондук курду октагондо тапшырган жокмун. Ал мага "мени камагыла, бирок курду тапшыргыла" деди. Биз бул кадамга бара албайт элек", - деди Уайт.

Бүгүн, 7-октябрдагы беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Save_me
2018-10-07 15:29:16
Чыныгы жигит, чыныгы баатыр, чыныгы мырза үчүн намыстан өткөн "чемпиондук наам" жок! Азаматсың Хабиб. Элиңе, жериңе, диниңе сөз тийгизгендерге чыныгы чемпиондук кандай экенин көрсөтө алдың. Сулуу сынган тиги Корозду гриль кылдың! Эркееееееееееееек!!!
+16
Bars88
2018-10-07 15:33:52
Куруна караганда намыс ойдо бироо шылдындап атса карап турсунбу
+13
JaneEr
2018-10-07 15:37:43
Кантсе да ачууга алдырбаш керек болчу...
+4
TalaCSKA
2018-10-07 15:47:55
Чыныгы намыс эмне экенин тушунушпосо чемпиондук курдан эмес дагы башкасынан ажыратсын.эмнеге Конорго улуттун намысын ата энесин шылдындаганга болот тутунган динин шылдындайт.Хабибтин бугунку кылганына Данни Уайттын туздон туз тийешеси бар анткени Конорду убагында тыйыш керек болчу Конордун командасы да аша чаап кетип жаттыштыго кемсинттен создорду суйлоп.корсо ооздору эле суйлойт турбайбы эээк кооз короздор десе!!!
+6
Jin1209
2018-10-07 16:27:32
Хабиб деле Конорду кемсинтти го элин жерин чыдап эле турду, Хабибке чемпиондук берилбеш керек
-12
sabirdinovich
2018-10-07 18:25:19
Ушунча оор басырыктуу болуп келгенден кийин, аяк жагында сабыр кылып турса болмок. Эми чемпиондук курларынан ажыраса таң калуунун кереги жок. Себеби мушташам деген адам рингде мушташышы керек, рингдин сыртынан бирөөгө чабуул жасаганы уже уголовный кылмыш болуп саналат.
+7
Iniesta8
2018-10-07 20:00:33
sabirdinovich,хачик хачиктигин кылды да
-1
Alia82
2018-10-07 18:41:16
Не деп кемсинтиптир уккан бироо жарим барбы же хабибдин созу боюнчалеби
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-10-08 03:06:03
Уайт жетим курду куруп жесен да жон эле берип кой Курун да акчан да калат эчкимге керексиз болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан