"Капсула салуу иш-чарасына катышуу - баарыбыз үчүн сыймык. Анткени Чыңгыз Айтматов -адабиятыбыздын алпы, кыргыз элинин залкар инсаны. Улуу "Манас" эпосунун жана асыл калемгердин арты менен өлкөбүз дүйнөгө таанылган. Анын китептери дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп, көпчүлүк кызыгып окуган. Биз мындан ары да Чыӊгыз Айтматовдун адабий мурастарын жайылтууну улантышыбыз керек", - деди Дастанбек Жумабеков.
Аталган "Чыӊгыз-Ордо" маданий комплексин курууга Шекер айылынан өкмөттүн токтомунун негизинде 15 гектар жер бөлүнүп берилген. Андан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун өз айылындагы үй-музейи оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү болгон.
Чыӊгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда Германиядагы ооруканалардын биринде узакка созулган оорудан улам каза болгон. Быйыл анын 90 жылдыгы белгиленип жатат. Айматов - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу. ЮНЕСКОнун маалыматтарына ылайык, Айтматов азыркы учурдун чыгармалары эӊ көп окулган жазуучусу болуп эсептелет. Анын чыгармалары 170тен ашуун тилге которулуп, 100 миллиондон ашуун нуска менен 130га жакын өлкөдө басылып чыгарылган.