Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен улуттар уюмунун балдар фондунун жана Эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
"Балдарга жардам берүүчү күндүзгү борборго Ош шаарынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан сунушталган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштешет. Минималдык стандартка тиешелүү шарттардын баары түзүлгөн, 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат", - дейт долбоордун координатору Зайнап Эшмуратова.
Белгилей кетсек, борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлүп, ар тараптан колдоолор, жардамдар берилет. Ошондой эле бала багып алууну каалаган үй-бүлөлөргө да кеңештер берилет.