Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр жарыгын берүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.

Жарык өчүрүлүүчү аймактар: саат 9:00дөн 18:00гө чейин Фрунзе көчөсүндөгү №423-үйдө, саат 9:30дан 18:00гө чейин Валдай, Репин, Мостовой, Самойленко көчөсүндө, Салам-Алик конушунда жана Керемет жаңы конушунун Месароша, Профсоюз көчөлөрүндө, саат 9:30дан 12:00гө чейин 8-кичи районунун №32, 45-47, 45/1, 46/1, 46/2-үйлөрүндө, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №77, 79, 81, 83-үйлөрүндө, саат 9:30дан 17:00гө чейин 110-квартал, саат 9:30дан 14:00гө чейин Иса Ахунбаев, Шота Руставели көчөсү менен Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө, саат 15:00дөн 17:00гө чейин Токтогул, Сагымбай манасчы көчөсү менен Манас кең көчөсүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан