Депутат: "Жарандардын "Коопсуз шаарга" болгон үмүтү өчүп баратат"

"Коопсуз шаар" долбоорунун айланасындагы окуялар Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Наталья Никитенко билдирди.

Анын пикиринде, өкмөттө жана тиешелүү мекемелерде бул маселени чечүүгө эрки жок болууда. "Жолдордо камераларды орнотуу жана айдоочу менен МАИ кызматкеринин сүйлөшүүсүн жок кылуу жол кырсыктарынын санын азайтат. Ошондой эле айдоочулар менен жөө жүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатат жана коррупцияны кыйла төмөндөтөт. Бул айрымдарга жакпай жатса керек. Тендерлерди үзгүлтүккө чыгарууга көп жыл бою бир схема колдонулуп келгени шек жаратат. Башында чечимдер жокко чыгарылат, иш сотко өткөн соң узак убакытта каралат", - дейт депутат.

"Тендердин катышуучуларынын акыркы билдирүүлөрүнөн жана айыптоолорунан кийин бул маселе Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болот. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашарына элдин үмүтү өчүп баратат. Парламент бул маселени карап, долбоорду ишке ашырууга жеткириши керек", - деди Никитенко.

4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясы жеңишке жеткен "Веганын" аталган долбоорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок экенин билдирген.

5-октябрда Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия “Маалыматтык системдердин коопсуздугу” компаниясынын даттануусун негиздүү деп тапканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан