SUPER TV: Жан дүйнө. "Бактылуу болушуңду каалап, сени менен ажырашууну туура көрдүм"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

- Ишенесиӊби, мен сага сезимимди канча жыл айта албай жүрдүм. Аябай мүнөзү катаал кыздай туюлар элеӊ. Сага сүйлөгөндөн коркчумун.

- Койчу, калп эле ушинте бересиӊ. Чачы узун сүйлөшкөн кызыӊ бар эмес беле?

- Алар өттү да, кетти. Азыр сени сүйөм, сени менен өмүрүмдүн акырына чейин чогуу таӊдарды тосуп, күндөрдү батыргым келет.

Бул сөздөр түбөлүк эсимде калган. Сенин жүзүӊ мага миллиондогон жигиттердин арасынан эӊ сүйкүмдүүдөй туюлган. Сен "Тамактандыӊбы? Жылуу кийиндиӊби? Ооруп каласыӊ" дей берчүсүӊ. Чын айтам, мындай камкордугуӊ мага аябай жакчу. Жарым саат акыбалымды сурабай койсоӊ асманым кулап, кызганып кетчүмүн. Мен сени катуу сүйдүм, кабагым кашым дебей, ата-энемдин каршылыгына карабай сени менен турмуш курууга шаштым. Баш коштук. Бизден өткөн бактылуу жандар жок эле. Бири-бирибизге куп жарашкан түгөйлөрдөн болдук. Арадан убакыт өтүп жатты. Мен үй оокаты менен алекмин. Сен эртең менен жумушка кетип, кечинде келесиң. Жумушта жүрүп да ара-чолодо колуң бошоп калганда дароо мага телефон чаласың.

Бир күнү адаттагыдай эле тамактаналы деп жаңы эле дасторконго отурганбызда телефонуңа коңгуроо келип калды. Айылдан кайненем чалып жатыптыр. Маанайы суз окшойт. Ар нерселерди айтып жатты. Жүрөгүм дароо жамандыкты сезгендей болуп, болк дей түштү. Сен апаң менен сүйлөшүп бүтүп, жаныма келип отурдуң. Көңүлүң жок. Мен да эмне болду деп сураган жокмун. Анткени эмне тууралуу сөз болору мага айдан ачык түшүнүктүү болчу...

Окуяны толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.

Жан дүйнө. “Бактылуу болушуңду каалап, сени менен ажырашууну туура көрдүм”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mister-maku
2018-10-09 00:04:46
Корбойм окуйт элем видеодон коргондон коро кызыгып окуган жакшы болчу аягына чейин жазып койсонор болмок, ушул кантип болсун
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан