"1992-жылдан бери алынган гранттардын көлөмү 2 миллиард 777 миллион доллар экен. Ушул гранттын канчасы менчик секторго кеткен, канчасы кайра мамлекетке кайтарылган?” - деп Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитет жыйынында Зиядин Жамалдинов каржы министринен сурады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттын суроосуна толук жооп бере алган жок.
“Алынган гранттардын ичинен 27 миллион 600 миң доллар ссуда катары берилген. Алардын канчасы мамлекетке кайтарылгандыгы тууралуу азырынча бизде маалымат жок”, - деди министр.
Депутат Зиядин Жамалдинов министрди берилген суроолорго жооп бере албагандыгын сынга алды.
"Чет өлкөдөн алынган акча каражаттары максаттуу пайдаланууга берилиши керек. Алынган акчалардын канчасы кайда жумшалганын, канчасы кайра мамлекетке кайтарылганын билишиңиз керек. Эгер ишти аткара албасаңыз, анда ордуңузду бошотуңуз", - деди депутат.