"Челси" футболдук клубунун легендарлуу оюнчусу Жон Терри карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Жон Терри англиялык Премьер-Лиганын кубогун кармап түшкөн сүрөткө "мен 23 жыл бою футболдо укмуштуудай күндөрдү өткөрдүм. Эми ойногонду токтотуш керектигин чечтим" деген комментарий калтырган.
37 жаштагы Жон Терри 1998-жылдан 2017-жылга чейин "Челси" футболдук клубунда 489 оюн өткөргөн. 2004-жылы "Челсинин" капитаны шайланган. 2017-жылы "Астон Вилла" футболдук клубуна өтүп, андан соң карьерасын уланткан эмес. 2018-жылы Жон Терри Орусиянын "Спартак Москва" футболдук клубунун сунушунан баш тарткан.
Жон Терри карьерасында АПЛди 5 жолу, Англия кубогун 5 жолу, Англия суперкубогун 1 жолу, Чемпиондор Лигасын жана Европа Лигасын утуп алган.