Каржы министри сырттан алынган насыялар боюнча: "Билим берүү жана медицина тармагына, буюрса, акча бөлүнөт"

Депутат Бактыбек Райымкулов"Сырттан алынган насыялардын басымдуу бөлүгү жол, транспорт жана энергетика тармагына жумшалууда. Ал эми билим берүү менен медицина тармагына эң аз акча бөлүнүүдө", - деп бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Бактыбек Райымкулов айтты.

“Адамдын билими жана ден соолугу болмоюн мамлекетте өнүгүү болбойт. Ошон үчүн ушул тармакка да көңүл бөлүү керек. Мисалы, өлкөдөгү ооруканалар жана мектептердин абалы жакшы эмес. Эмне үчүн муну эске албайсыздар?” - деп каржы министринен сурады Райымкулов.

Каржы министри Адылбек КасымалиевКаржы министри Адылбек Касымалиев депутат көтөргөн маселе жүйөлүү экендигин белгилеп, ал боюнча иштер жасаларын айтты.

“Биз алган насыялардын негизги бөлүгүн энергетика, транспорт жана айыл чарба тармагына жумшап жатабыз. Ал эми билим берүү жана медицина тармагына, буюрса, акча бөлүнөт, учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, - деди каржы министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан