Маданият министри Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-октябрда өтөт

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү 10-октябрь күнү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

"Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-октябрда саат 9:00дө Кыргыз драма театрында өтөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат",- деп билдиришти министрликтен.

Министр 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Жумагулов көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dobrajelatel
2018-10-08 13:12:46
Жаткан жери жайлуу болсун! Аллахым билип билбей кылган куноолорун кечиресин!
+2
iryi1
2018-10-08 13:21:09
Арбагы ызраазы болуп, Тенирибиз колдосун.
-2
Tyty1990
2018-10-08 13:24:13
iryi1, кайсы теңир?
0
glaz_almaz
2018-10-08 13:58:32
Tyty1990,Тенир Аллахтын кыргызчасы. Бир Кудайды ар эл оз доорунда ар кандай айтып келишкен.

Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун!
+1
nuri1
2018-10-08 14:08:32
glaz_almaz,Ошон учун арабча аллах дебей, кыргызча Тенир, Кудай деп айткан туура болот. Тилибиз араб эмес кыргыз болгондон кийин, Иншалла, аллах акбар деген соз кыргыздын созу эмес. Дин аркылуу кыргыз деген улутту арабташтырып жаткан арабтарга жана биздин дамбалчандарга сый урмат жок. Ислам - арабтардын каада салтын, тилин, урп адатын, кийимин тануулаган дин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан