Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеп жүргөн Гүлмира Сыдыкова 2016-жылдын декабрь айынан бери изделүүдө. Бул тууралуу дайынсыз болуп жаткан аялдын сиңдиси Элвира Сыдыкова билдирди.
"Эжем 41 жашта. Балыкчы шаарында туулган. Ал 2006-2007-жылдары Москвага иштегени кетип, ал жактын жарандыгын алган. Аны менен акыркы жолу 2016-жылы декабрь айында байланышканбыз. Ошондон бери дайыны жок. Эжемди таанып, билгендер болсо байланышып коюуну өтүнөбүз", - деди ал.
Элвира Сыдыкованын байланыш номерлери: 0702 323 838