АКШ Иран менен болгон согушка 25 миллиард доллар сарптады деп жазышат чет элдик басылмалар.Так сумманы АКШнын бийлигинин өкүлү Жюль Херст Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинде өткөн жыйында билдирди. Пентагондун бюджети талкууланган жыйынга АКШнын коргоо министри Пит Хегсет жана Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэн Кейн да катышкан.
"Бүгүнкү күнгө карата “эпикалык операцияга” болжол менен 25 миллиард доллар сарптадык. Бул чыгымдардын негизги бөлүгү ок-дарыларга жумшалды",- деп билдирген Херст.
Бул эки айдан бери уланып жаткан Иран менен согушка кеткен чыгымдардын биринчи жолу жарыяланган так расмий суммасы болуп саналат. Херст ошондой эле каражаттын олуттуу бөлүгү аскердик техниканы пайдаланууга, тейлөөгө жана курал-жаракты жаңылоого жумшалып жатканын белгиледи.