Транспорт жана жолдор министри: "27 жылдын ичинде Кытайдан алынган 2,5 миллиард долларга 2 миң чакырым жол салынды"

27 жылдын ичинде Кытайдан алынган 2,5 миллиард доллардан ашык акчага өлкө боюнча жалпы 2 миң чакырымдан ашык жол салынды. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитет жыйынында депутат Айбек Алтынбековдун суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министрдин билдиришинче, жалпы бөлүнгөн акчадан жол куруу тармагына деп 539 техника сатып алынган.

Каржы министринин берген маалыматына ылайык, 27 жыл аралыгында сырттан алынган карыз акчанын жалпы суммасы 7 миллиард долларды түзсө, анын 25 пайызы жол куруу тармагына жумшалган. Андан кийинки энергетика жана жылуулук берүү тармагына жумшалган. Жалпысынан сырттан алынган карыздын 44 пайыздан ашыгы Кытайга туура келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан