
Тоо кийикти жана анын улагын аткан адамга 220 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-октябрь күнү тоо кийикти жана анын улагын аткан видео тараган.
"Департаменттин кызматкерлери 7-октябрь күнү видеодогу мергенчини табышкан. Ал Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну экени аныкталды. Мергенчи күнөөнү толугу менен моюнуна алган. Кызматкерлер протокол түзүп жаныбарлар дүйнөсүндөгү объектиге зыян келтиргени үчүн 200 миң сом жана 20 миң сом административдик айып салган. Мергенчи 1 айдын ичинде бул каражатты төлөшү керек ", - деп жазылат маалыматта.
Мергенчи малын айдап бара жатып суу боюндагы тоо кийигин жана анын улагын көрүп калып мылтыгы менен атып өлтүргөнүн, видеого тартып алып, кийин этин жеп койгондугун айткан.