Депутат Акылбек Жапаров: "Тарыхта калышым керек" деген бир адамдын ниетин ишке ашырабыз деп эле альтернативдүү жолду баштап алдык"

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооп берди.

Анын пикиринде, карыз алуунун чегин ИДПга карата 65 пайыз деп белгилесек туура болот.

“Өкмөттүн сунушу менен Бюджет кодексине былтыр 3 өзгөртүү киргизгенбиз. Эми бир жылга айланбай каржы министри ИДПнын 70 пайызына чейин деп чек коюп берүүнү суранып жатат. Менимче, мамлекеттик карыз ИДПнын 65 пайызынан ашпашы керек. Мына быйыл Кытайдын Эксимбанкына эле карызыбыз үчүн 60 миллион доллар төлөдүк. 2019-жылы 80 миллион доллар болот. Ошентип 120 миллион долларга жетет. Бирок алардын акчасына куруп жаткан ЖЭБибиз, альтернативдүү жолубуз бүтө элек.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети бүгүн атайын жумушчу топ түздү. Ал алынган карыздардын иштетилгенин иликтеп, каржылык абалыбызды анализдейт. Биз буга чейин карызыбыздын 3 миллиард долларын “сомду, бюджетти бекемдөө үчүн” деген шылтоо менен эле ала бергенбиз. 27 жылда өлкөгө 10 миллиард доллар каражат кириптир. Мындан ары өз күчүбүзгө ишенишибиз керек. Кирешеге карата эле чыгаша кылуубуз зарыл.

Энергетикага ушунча ири карызды жок болуп кетпеши үчүн эле алып бердик. ЖЭБге кеткен 386 миллион долларга 3 жаңы жылуулук борборун курсак болмок. Буга чейин бирөөнүн маанайына карап, бийликке келгендерден коркуп эле пайдасы жок жактарга карыздарды ала бергенбиз. Мен техникалык-экономикалык негиздемеси жок болсо жана жооптуу адамдар көрсөтүлбөсө карыз алынбасын деген талап киргиздим. Депутаттар колдошту.

Жол тармагына да 2 миллиард доллар карыз алганбыз. Бишкек-Ош унаа жолун жакшылап карашыбыз керек болчу. "Тарыхта калышым керек" деген бирөөнүн ниетин ишке ашырабыз деп эле альтернативдүү жолду баштап алдык”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева, Төрөбай Зулпукаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан