Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Мамлекеттик карыздар келечек муундун моюнуна илинет"

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жооп берди. Ал мамлекет үчүн алынган карыздар эмнеге жумшалганын иликтөө керек деген пикирде.

“Албетте, такыр карыз албаш керек дегенден алыс болуубуз зарыл. Азыр ушунча насыя, гранттарды кайсы министрлер алып, арты эмне болду деген суроо жаралып жатат. Элде да ушул багытта суроо көп. Карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга көтөрүү туура эмес.

Буга чейинки карыздар сарамжалдуу пайдаланылганы шек жаратат. Насыя алуу боюнча келишим Жогорку Кеңештен ратификацияланат. Бирок жакшылап документти карасак консультантка төлөнө турган акчалар көп сумманы чапчыйт. Алардын көбү чет өлкөлүк адистер. Бизге сырттан куратор болуп келип алгандай сезилет. 27 жылдан бери өзүбүздөн консультанттар чыккан жок беле?

Депутаттар буга чейин алынган карыз, гранттардын сарпталышын текшерүүнү демилгелеп, комиссия түзөлү деп жатабыз. Ал акчалардан өлкө кандай зыян жана эмне пайда тапты? Айрымдар “гранттар бекер келди да, анын жыйынтыгына эмнеге кызыгып жатасыңар” деп жатышат. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин акчабызды текшерип турушубуз керек. Азиянын кайсы бир мамлекети карызы үчүн бир портун берип кутулду. Бул биз үчүн чоң эскертүү. Мамлекеттик карыз - президентти, депутаттарды ойлонто турган маселе. Мен да кайгырам. Бул карыздар келечек муундун моюнуна илинет. Орусияда 1 миллион жараныбыз иштеп жатат. Жумуш орундарын түзбөсө, анда 27 жылда алынган карыздарды эмнеге жумшашты?” - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Акылбек Жапаров, Төрөбай Зулпукаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан