Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жооп берди.
Токтошевдин пикиринде, мамлекеттик карыздын көлөмүн ИДПга карата 70 пайыздык чек коюу коопсуздук үчүн пайдалуу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Эльвира Сурабалдиева, Төрөбай Зулпукаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.