СУПЕРСТАН: "Төрөткө күйөөмдүн катышканын каалабайм"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөсүнүн төрөткө катышуусуна көз карашыңыз?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Азыркы учурда болуп жаткан төрөт үйүндөгү көйгөйлөр жүрөктү түшүрүп жатат. УЗИден эгиз болуп көрүнүп анан бир ымыркайлуу болуп калуу же аман-эсен төрөлгөн баланы өлдү деп жалган айтып, ал ымыркайды сатып жиберүү фактылары катталып жатат. Ошондуктан төрөткө күйөөлөрү катышып көзөмөл кылса деген ой келет..." деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Кана эми төрөттө күйөөлөрү жанында туруп келинчегине жардам кылып бир аз болсо да, баласынын аман-соо төрөлүп, кандай каралып жатканына көз салып турса. Андай жигиттер деле бар. Бирок аз болсо керек. Мисалы, менин эки төрөтүмдө тең жанымда эч ким болгон эмес. Анан ар дайым балдарым жанымда болгон. Сөзсүз күйөөсү эмес, кайненеси, эже, сиңдиси же болбосо абысындары төрөттү көзөмөлдөп турса болот го дейм. Балага кандай укол, дарылар берилет, кандай каралып жатканын көзөмөлдөп".

- "Төрөтүмө катышканын каалабайм, өзү деле каалабайт болуш керек. Ишенбей жатсам тааныш акушерге барам. Болуп жаткан жаңылыктар калп эле го дейм. Азыр бирөөнүн баласына зар болгон деле адам жок, ЭКО кылдырышып же болбосо өзүнөн сурап эле сатып алгандар толтура".

- "Бизде болуп жаткан окуялар жүрөктү титиретет, бирөөнүн баласын тирүүлөй тартып алып башкага саткандар болуп келе жаткан көрүнүш экен көрсө. Айтайын дегеним адамдардын баары бирдей эмес, алардын ичинде медицина кызматкерлери дагы".

- "Бизде ысытмалап дарыгерге барсаң, шашылыш операция жасаш керек деп каяктагы ооруну айтып жүрөктү түшүрөт. Анча-мынча адамдар ишенип алып, соо туруп эле операция болгондору бар. Күмөн санап, башка дарыгерге текшерилсең туура диагноз коюп дары-дармек жазып берет. Ошол себептүү илгери бир эле дарыгерге көрүнүп келишсе, азыр эки-үчөөнө көрүнүп калды элдер, кимиси туура, кимиси калп айтканын билбей кыйналып..."

- "Күйөөң болбосо да жакын адамың сөзсүз жаныңда болуусу зарыл. Суу берип, врач чакырып, өйдө-ылдый жардамдашканга жакшы. Төрөттө эне жаны кыйналып, башка нерселерди көзөмөлдөө деген ойго келбей көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат. Жанында ишенимдүү адамы болгону жакшы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muhsina
2018-10-09 21:10:26
Менде учоондо да эч ким кирбей эле тороп алганмын Кудайга шугур. Акыркы баламда давления 180 болсо да оюмдун баары баламда болуп козумду албай жаттым го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан