Бишкек-Торугарт унаа жолунда жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу саат 11:00дөн 15:00гө чейин аталган жол толугу менен жабылат.
"Жардыруу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы башкармалыгы тарабынан унаа жол толугу менен жабылат. Ысык-Көл тарапка баруучу унаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз", - деп айтылат маалыматта.