Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда күз-кыш мезгилине карата даярдык талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика тармагынын абалы, келечеги жана аны өнүктүрүү жөнүндө баяндама жасайт. Ошондой эле ал 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө айтып берет.