Эсептөө палатасы: "Балыкчы-Корумду жолун курууда 118 миллион сомдук тартип бузуу табылган"

Балыкчы-Корумду жолун курууда 118 миллион сомдук тартип бузуу аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов депутат Кубанычбек Жумалиевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мариповдун айтымында, учурда бул факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

“Долбоордун планы боюнча сульфатка туруктуу цемент алынат деп көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө жолду курууга жөнөкөй цемент колдонулган. Мындан улам 118 миллион сомдук тартип бузуу табылган. Жалпы жонунан жолго цемент үчүн деп 256 миллион сом каралган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, - деди Эсептөө палатасынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан