Былтыр бюджетке 2,5 миллиард сом эмнеге түшпөй калганы түшүндүрүлдү

“Өткөн жылы 2,5 миллиард сом бюджетке түшпөй калыптыр. Буга ким жооп берет?" - деп бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков өкмөт мүчөлөрүнөн сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев техникалык жардамдар жана эл аралык финансылык уюмдардын алдындагы милдеттенмелер аткарылбагандыгы үчүн аталган сумма бюджетке түшпөй калгандыгын айтты.

Депутат министрдин жоопторуна канааттанбай, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду жана өкмөт мүчөлөрүн өз ишин билбейт деп сынга алды.

"Жеңиш Парпиевич, сиз биздин жыйынга келгениңиз үчүн рахмат. Келбей койсоңуз да болмок. Өзүңүз түшүнбөгөн тармакты моюнуңузга алып эмне кыласыз? Өкмөт дайыма ушундай, эптеп бир вице-премьерин жиберип коёт. Бул эмне деген мамиле? Өкмөттө өз ишин билген кадр жокпу? Жок болсо, анда өкмөт башчы өзү келсин. Ушуну өкмөт башчыга жеткирип барыңыз", - деди Сыдыков.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков депутаттын айткандарына жооп кайтарган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан