Бишкекте үй-жайсыз адамдар, селсаяктар үчүн сууктан баш калкалоочу жайлар ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кышка жакын Бишкек шаарында туруктуу жашоочу жерлери жок адамдар үчүн атайын баш калкалай турган жайлар ачылат. Бул пункттар ноябрь айынан келерки жылдын март айына чейин иштеп, күнүнө 100 кишиден кабыл алат. Селсаяктар бул жайларда түнөп бир маал ысык тамак иче алышат.
Атайын жайлардын даректери:
Ленин району. "Центр милосердия" борбору, Трудовая көчөсү 10 дарегинде жайгашкан. Ага кыйчалыш абалда калган балалуу аялдар бара алат. Директору Уркуя Исманова.
Байланыш номерлери: 0312 64-48-71, 0550 54-66-22.
Биринчи Май району. Жибек Жолу көчөсү, 413 дарегинде, күнү-түнү иштеген "Коломто" үйү ачылат. Ичине 70-100 адамды батырат. Директору Айгүл Сманалиева.
Байланыш телефону: 0312 30-48-55.
Свердлов району. Фере көчөсү, 34 дарегинде орун алган баш калкалоочу жайдын даректүү жардам көрсөтүү бөлүмүнүн адиси Зеркинбек Мамаев.
Байланыш номерлери: 0312 36-03-35, 0556 56-46-56.
Октябрь району. Бул аймактагы жардамга муктаждар 12-кичи райондогу ыңгайлаштыруу комбинатындагы баш калкалоо жайына барса болот. Адис Сталбек Эсенкулов.
Байланыш номери: 0708 88-02-18.