Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча: "Мен таза иштеп, коррупционерлерге каршы күрөшүп келдим. Кээ бир кызматкерлерге ыңгайсыздык жараттым окшойт"

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүүсү тууралуу SUPER.KG порталына комментарий берди.

“Мага чейин эле калптын баарын айтып коюшту. Эми чындыкка ишендириш кыйын го. Жаштарга, таза иштегендерге бут тосуу болуп жатат. Адамдар да ачуу чындыкка караганда ширин калпка ишенишет эмеспи.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматын көрдүңүздөр. Ал жерде менин дипломатиялык паспорт менен эмгек өргүү учурунда чет өлкөгө чыкканым тастыкталган эмес. Дүйнөлүк банктын акчасына сыртка чыгыптыр деп жатышат. Бүт маалыматты балп этип эле чыгарып коюшту. Эми анын жоопкерчилигин ким тартат? Албетте, кемчиликтер жетекчилик тарабынан болгон экен. Таза адамдардын баарын буттан чалып, жыгылтуу аракети болууда.

Эгер Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен чет өлкө сапарына чыгуу мыйзамсыз болсо, анда бул долбоор 2015-жылдан бери иштеп келе жатат да. Мага чейин алардын акчасына 62 киши сыртка чыккан. Эч кимге чара көрүлгөн эмес. Кээ бир депутаттар өзүнүн дагы сыртка чыккандарын ачыкташса туура болмок. Алар эмне иштерди бүтүрүп келишти? Мен таза иштеп, коррупционерлер менен күрөшүп келдим. Кээ бир кызматкерлерге ыңгайсыз болдум окшойт, ошон үчүн маалыматтарды ташып берип жаткан экен”, - деди Мамытова.

Учурда анын арызы өкмөттө каралып жатканын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирген.

Буга чейин Башкы прокуратура Лунара Мамытова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 3 жолу (АКШ, Германия, Италия) кызматтык сапар жасаганын аныктаган. Мамытова кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары ал сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан