Кыргыз кызы Казакстанга башка жарандын паспорту менен өтүп жатканда кармалды

Кыргыз кызы Казакстандын чек ара пунктунда башка адамдын паспорту менен өтүп бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 9-октябрда "Ак-Жол унаа жол" көзөмөл пунктунда Кыргыз жараны 1985-жылы туулган Х.Б. аттуу паспорт көргөзгөн. Бирок чек ара кызматкерлери текшерүү иштеринде көрсөтүлгөн документ кызга таандык эместигин аныкташкан.

"Текшерүү иштеринде Кыргыз кызы 1991-жылы туулган Г.Б. аттуу жаран болгон. Ал бул жолго республиканын аймагынан чыгууга чектөө коюлганы үчүн башка адамдын паспортун колдонгонун айткан. Учурда кармалган кыз ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан