Бишкек шаарында 2017-2018-жылдары жалпы 47 көчө, 90 чакырым жол бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда шаар мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында айтты.
Шаар башчысы жыйында 2017-жылдан азыркы учурга чейинки Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жолдордун, имараттардын жана курулуш иштеринин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
"Бишкек шаарынын капиталдык курулуш иштери боюнча 2017-жылы 875 миллион сом каралган. 2018-жылы 831 миллион сом каралган.
Быйыл Тунгуч кичи районуна 9 кабаттуу 2 үй курулган, ушул жылдын 25-апрелинде ачылышы болгон. 2017-жылы жалпы узундугу 12 чакырым канализациялык трубалардын курулушу планга киргизилип, учурда баары аткарылды. 2017-жылы шаардын көчөлөрүн жаңылоо боюнча 751 миллион сом каралган. 2018-жылы 275 миллион сом каралган. Кытайлык компаниялар тарабынан 2017-2018-жылдары жалпы 47 көчө, 90 чакырым жолдор бүткөрүлүүдө.
2019-жылы 70 чакырым 60 көчөнү жаңылоо жумуштары каралган", - деди Суракматов.