Бишкек шаардык мэриясы таштандыларды туура эмес төккөндөргө жана өрттөгөндөргө каршы рейд баштады. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнү шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы 1-октябрдан бери жүргүзүп, ушул күнгө чейин 55 объекти боюнча 16 эскертүү берилди.
"Эгерде жарандар таштандыны туш келди жерге ыргытса 1000 сом айып салынат. Ал эми кызмат адамдары ыргытса 5 миң сомго чейин айып төлөйт же 6 саатка коомдук жумуштарга тартылат. Таштандыларды өрттөгөндөр үчүн катардагы жарандар 2 миң сом айып төлөйт же 8 саатка коомдук жумушка тартылат. Ал эми кызмат адамдары 10 миң сом айып төлөйт же 8 саатка коомдук жумушка тартылат", - деп билдирди мэриянын маалымат кызматы.
Шаар бийлиги жашоочуларды таштандыларды атайын жайларга ыргытууну жана таштандыларды, чогулган жалбырактарды тыюу салынган жерлерде өрттөбөөгө чакырат.