Өлкө боюнча курулушу бүтө элек 482 социалдык объект бар

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча аягына чыга элек 482 социалдык курулуш объектиси бар. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 9-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 97 объектинин курулуш иштеринин 70 пайызы аяктаган.

“Курулушу аягына чыга элек. 161 объектинин курулуш иштери жаңыдан гана башталган. Ал эми 72 курулуштун аягына чыгарууну пландап жатабыз. Буюрса, декабрь айына чейин бүтүрөбүз. Мындан сырткары өлкө боюнча 193 социалдык объект кооптуу абалда турат”, - деди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2018-10-09 16:43:14
Биздин айылда мектеп бутпой турат кандай бирчи Кочмондор ойуну башталды ошодой токтоду не десен акча ошол жакка которулган имиш....
+1
Frunze2
2018-10-09 17:08:09
aiba.8327, туура, мектеп курууга болунгон 1,5 миллиард сомду бийлик кочмондор оюнуна сапырып жеп коюшкан......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан