SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кимдин табити кандай?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Кандай адамдарды жактырасыз? Үнү, бою, чачынын түсү, арык же семиздиги жана башка нерселери дегендей... Негизи эле табитиңиз кандай?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Менде, кыскасы жанга жакын болсо болду. Анан боюна же дене мүчөлөрүнүн өлчөмүнө деле карабайм. Ал баары бир карыйт, семирет, арыктайт. Ал эми жүрөгү таза жан эч качан өзгөрбөйт. Мени түшүнсө мен аны түшүнсөм болду".
- "Ар кимдин табити ар кандай" деп айтат эмеспи, ошондуктан ар бир адамдын табити ар башка. Мисалы, мага эң маанилүү нерсе бул кыздын бою менен чачынын узун болуусу. Анан, албетте, ажаан болбошу керек. Андан кийин ыймандуу, түшүнүктүү айта берсем аябай көп, мен койгон талаптарга көп кыздар төп келе беришпейт. Ошондуктан көп учурда көз жумуп койгон күндөр болот".
- "Мындайы эмес, андайы жагат" деп мага ким коюптур... Туура эмес го... Эң негизгиси адамга болгон мамилеси менин параметрлериме кирсе болду. Ак көңүл, таарынбаган, кекчил эмес, адамгерчиликтүү, ачык-айрым, боорукер жана башка".
- "Катачылык кетирсе да чынын айткан, калп сүйлөй албагандар гана жагат".
- "Табит менен тамашалашууга болбойт... Көздөрүн жакшы көрөм, чөгүп кетесиң..."
- "Негизинен адамдык сапаттары болушу керек, жан дүйнөсү бай, башка адамдарды түшүнө билген, оңой тил табышып кеткен, акылдуу, эрктүү, чыдамдуу... Айта берсе сөз көп. Эң негизгиси өзүмчүл болбошу керек. Ал эми физикалык жактан алып караганда, анда узун бойлуу, спорт менен машыккан, өтө булчуңдуу эмес болсо..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.